Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 01.08.2015 11:35

Айыл турмушу: Үч-Коргондун тургундары көрктөндүргөн Исфайрам дарыясынын жээгине учурда Баткендин сыйлуу меймандарын коноктошот (фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын тургуну Мухаббат айым менен жолдошу Кадыр мырза Исфайрам дарыясынын комсоо көрүнгөн жээгин көрктөндүрүп, эс алуу жайына айландырышкан.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жубайлар ал жерди тазалап фонтан курушкан. Эс алуу жайын «Алтын көпүрө» деп аташып, Ош—Баткен—Исфана унаа жолундагы жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыз кылышат. Бул жерге күнүнө 500дөн ашык адам келип, сейилдеп кетишет.

Белгилей кетсек, Баткен облусуна келген сыйлуу конокторду да ушул жерге алып келип коноктошот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×