Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 01.08.2015 08:58

Айыл турмушу: Бышкан кирпич чыгаруучу ишкана ачуу аракетин бир жыл мурун баштаган кочкорлук тургун алгачкы 10 миң даана кирпичин чыгарды (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылында бышкан кирпич чыгаруучу чакан ишкана кызмат кылып баштайт.

Мындай демилгени былтыр ишке ашырууну пландаган жергиликтүү тургун Азим Манасбек уулу кардар табууга да жетишкенин, бирок каражат тартыш болуп жаткандыгын билдирди, деп маалымдайт кабарчы.

«Бул демилге былтыр өз күчүм менен ишке ашкан. Айыл өкмөттүн каралбай калган гаражын ижарага алып, имараттын ичине атайын кирпич бышыра турган меш курдум. Өзүмдүн каражатым менен атайын кирпич чыгаруучу аппарат алгам. Учурда 10 миң даана кирпич чыгардык. Бирок кирпичти бышырууга көмүр жок болууда. Андан сырткары топурак тартып алууга каражат жок. Буга чейин ушул чакан ишкананы ишке киргизүү үчүн насыя алып, 465 миң сом каражат жумшадым. Дагы 60 миң сом жетпей жатат. Бышкан кирпичтерге кардарларыбыз бар. Алгачкы өндүргөн кирпичтерибизди сатсак ишкананын ишин улантып кетүүгө мүмкүнчүлүк болот», - деди А.Манасбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×