Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 31.07.2015 13:19

Айыл турмушу: Токтогул районунун тургуну Э.Мудинов аарынын «карпатка» түрүн багып, быйыл 3 тонна бал өндүрдү (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Толук айылынын тургуну Элзар Мудинов быйылкы жылы 3 тонна бал өндүрүп, учурда 1 челегин 5700 сомдон сатууда, деп билдирет басылмасынын кабарчысы.

Э.Мудиновдун айтымында, анын атасы аарычылык менен 23 жылдан бери алектенет жана бул кесипти ал атасынан үйрөнгөн.

«Быйылкы жылы бал челектин саны 220 даанага жетти. Акыркы 10 жылдан бери аарынын «карпатка» түрүн багып келебиз. Бул кесип аркылуу үй-бүлөлүк бюджетибизди толуктайбыз», - деди ал.

Ошондой эле, Элзар учурда инисин дагы бул кесипке үйрөтүп жаткандыгын кошумчалады.

100

101

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×