Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуКочкор району 31.07.2015 08:35

Айыл турмушу: 20 жылдык тажрыйбасы бар кочкорлук ширетүүчү А.Баймуратов темирден тиричилик буюмдарын жасоонун сырларын эң жакшы өздөштүрүп калды (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Кочкор районунун тургуну Айбек Баймуратов 20 жылдан бери ширетүүчү болуп эмгектенүү менен киреше табууда. Темирден  тиричилик буюмдарын жасоонун сырларын эң жакшы өздөштүрүп калдым, деди ал аймактык кабарчы менен болгон маегинде.

Тосмолорду, үйдүн ичин жылытуучу жабдууларды, унааларга чиркегичтерди жасап, кышкысын үйлөргө жылуулук системасын да орнотот.

«Учурда 2 балам менен цех ачып иштетип жатабыз. Буюрса бул цехти дагы чоңойтуп, жумуш орундарын түзүү пландарым бар. Буюмдарды айыл жергесине ылайыкташтырып жасайбыз. Билгендеримди балдарыма да үйрөтүп, өз алдыларынча иштеп башташты», - деди Айбек Баймуратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×