Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусуТалас району 30.07.2015 17:06

Айыл турмушу: Таласта жумушсуз айымдар ачкан «Кенже кыз» ишканасы кыздын себине буйрутмаларды алып, иштей баштады (фото)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы «Кенже кыз» тигүүчүлөр ишканасы эми коңшу айылдардан кыздын себине буйрутмаларды алып, иштей баштады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ишкананын жетекчиси Гүлмира Сманкулованын айтымында, айылдагы жумушсуз бош айымдар эски мектептин имаратынын бир бөлүгүн кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүп, ишкананы ачышкан. Учурда анда 12 тигүүчү кыз, келиндер иштөөдө.

«Ишканага айыл тургундары кыздын себин даярдоо, кийим кечелерди тиктирүүгө, кийизден шырдак, ала кийиз, ар кандай азем белектерди дагы жасоого буйрутмаларды беришүүдө», – дейт жетекчи Г.Сманкулова.

Ал белгилегендей, учурда коңшу айылдардан дагы келип, буйрутма беришүүдө, муну менен айылдагы кыз, келиндер дагы жумуш менен камсыз болушууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×