Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.07.2015 15:49

Айыл турмушу: Кара-Көлдөгү жубайлар Аскар менен Марина кулпунай өстүрүп, бизнес кылышат (фото)

Turmush -  Кара-Көлдөгү жубайлар Аскар менен Марина 5 жылдан бери кулпунай өстүрүп, бизнес кылышат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жубайлардын айтымдарында, алар 1 гетардан ашык таштак жерди өздөштүрүп, аны кулпунай талаасына айлантышкан.

«Учурда кулпунайдын 2-сезону башталууда. Биринчи сезон 15-июнга чейин созулду, кулпунай жакшы бышып, түшүмү мол болду. Экинчи бышуу сезону 10-июлдан башталды. Аны терүүгө бир туугандарыбыз жардам беришүүдө. Биринчи сезондо кулпунайдын 1 чоң чакасын 600 сомдон, кичинекей чакасын 300 сомдон саттык. Эми чоң чакасын 700, кичинекейин 350 сомдон сатууну пландоодобуз. Күнүнө жалпысынан 4 чоң чака теребиз»,- деп билдиришти Аскар менен Марина.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×