Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.07.2015 15:28

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну Н.Оморбекова короосунда гүлдүн 60 түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Назира Оморбекова короосунда гүлдүн 60 түрүн өстүрөт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Н.Оморбекованын айтымында, ал лилиянын 7 түрүн, розанын бир нече түрлөрүн жана нарцисс, жасмин жана башка көптөгөн гүлдөрдү өстүрөт.

«Гүл өстүрүү бул менин хоббим. Апам дагы гүлдү аябай баалап, жакшы көрүп, алар менен сүйлөшчү. Ал гүлдөр дагы адам сыяктуу ооруп, кыйнала тургандыгын айтса, мен ишемчү эмесмин. Апамдын көзү өткөнүнө үч жыл болду. Ошол кезде депрессия болуп оорудум. Бишкекке барган сайын гүл базардан гүлдөрдүн көчөттөрүн сатып келип, короомо тигип жүрдүм. Ошентип, депрессиядан кантип арылгандыгымды өзүм да байкабай калдым. Мен Бишкекке барган сайын гүлдүн кымбатына карабай, көчөттөрүн 400 сомдон 1000го чейин сатып алам. Быйыл лилиянын көчөттөрүнүн 7 түрүн 250 сомдон сатып келдим», - дейт ал.

Назира Оморбекова белгилегендей анын короосунда «мырзанын жүрөгү» («сердце мужчины») деп аталган гүлү башкалардан айырмалынып турат.

«Бул гүл кечки саат 9да гүлдөйт, бир шагындагы гүлдөр 10 мүнөттүн ичинде ачылып бүтөт. Кошуналарымдын балдары кечки 9да короомо келишип, анын ачылганын күтүшөт.  Ал эми «кечки сулуу» аттуу гүл кечки саат 6лар чамасында гүлүн ачат. Короодогу гүлдөрүм кезеги менен 22-декабрга чейин гүлдөйт. Кар жааган учурда хризантема гүл ачат. Ал суукту жактырат, жылууга өспөйт жана гүлдөбөйт», - деди ал.

Ал, «кесибим боюнча куруучумун. Бирок, Кара-Көл шаарында жумуш жоктугуна байланыштуу, үйдө кожейкемин, үч балам бар», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×