Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 30.07.2015 14:38

Айыл турмушу: Базар-коргондук дыйкан 1 гектар жерге «кримсон свит» сортундагы дарбыз эгип, 450 миң сом киреше тапты (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылынын дыйканы Мекен Турдалиев 1 гектар жерге «кримсон свит» сортундагы дарбыз эгип, 450 миң сом киреше тапты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

М.Турдалиевдин айтымында, ушул жылы ал эккен дарбыздардын ичинен эң чоң салмактагысы 16 килограммга чейин жетти.

«Талаачылык иштерине канчалык мээнет кылсаң, түшүмүн ошончолук жогору алып, үй-бүлөлүк бюджетти толуктоого болот. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл түшүмдүүлүк жогору болду»,- дейт дыйкан.

Ал белгилегендей, Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон, Акман, жана Бешик-Жон айыл аймактарындагы дыйкандардын көбү акыркы жылдары дарбыз, коон эгип, жакшы пайда көрүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×