Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусу 30.07.2015 11:39

Айыл турмушу: Зардалынын 85 жаштагы тургуну темир устачылык кызматы үчүн кардардан акы сурабайт (фото)

Turmush -  Баткен облусундагы Зардалы айылынын тургуну 85 жаштагы Токтоназар Исаев темир устачылык менен алектенип, айылдыктарга кызмат көрсөтүп  келет.

Буга чейин жумушумдагы оорчулукту сезбейт элем. Быйыл майда нерселерге көзүм жетпей бир аз кыйналып жатам, дейт ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

«Ата-бабаларыбыздан калган бул өнөр жаштарга калсын деген ниетте, темир устачылыктын сырларын балдарыма, неберелериме үйрөтүп жатам. Үйрөнүп алышса сөзсүз кереги тиет, өзгөчө айыл жеринде», - деди темир уста.

Токтоназар аксакалдын устаканасында кылымдардан бери сакталып келе жаткан буюмдарды көрүүгө болот. Маек учурунда небереси экөө отун менен көмүрдөн атайын колдо жасалган жабдыгынын жардамы менен от жагып, бат эле чок даярдап алышты. Чокко кадимки темирлерди салып, кызыганда  түрдүү калыпка салып, атка така, така кагуучу мык жасашты.

«Таш көмүр болсо темир жакшы кызымак, бирок бизге андай көмүр келбейт. Айылдагы элдин орок, балта, бычак, кетмен айтор темир буюмдарын жасап, курчутуп, сынган жерлерин түздөп, жамап берем. Кызматым үчүн атайын бир сумманы сурабайм, көңүлдөрүнөн чыгарып эле акчасын таштап кетишет», - деп кошумчалады Т.Исаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×