Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 29.07.2015 13:49

Айыл турмушу: Соң-Көлдө 3 бир тууган үй-бүлөсү менен жайлоого боз үй тигип, туристтерди тосот (фото)

Turmush -  Соң-Көл жайлоосунда 3 бир тууган үй-бүлө 7 боз үй тигип, туристтерди тосушат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысыбилдирет.

Бердибек мырза жана жубайы Анара айымдын айтымында, алар 2-3 жылдан бери жай мезгилинде атайын туристтерди тосуу максатында Жумгалдан Соң-Көлгө келишет. Быйылкы жылы боз үйлөрүн көбөйтүп, 2 бир тууганын да үй-бүлөсү менен кошо ала келишкендигин айтышты.

Алар туристтик фирмалардын бири менен келишим түзүп иштешишет.

«Келе жаткан туристтерди дасторкон жайып тосуп алып, 3 маал тамак жасап беребиз. Туристтер боз үйлөргө жатышат. Алар негизинен 20-30 адамдан тургун топ болуп келишет. Кээде туристтерге кыргыздын улак тартыш оюнун көрсөтүп турабыз. Аларды жиберген фирма ар бир турист үчүн 2000 сом төлөп, чек берип турат», - дешет алар.

Белгилей кетсек, боз үй ээлери жайлоого жуунучу жай, даараткана (унитаз) коюп, ыңгалуу шарттарды түзүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×