Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 29.07.2015 11:36

Айыл турмушу: «Гүлчү эже» атка конгон кара-суулук Ж.Кабылбекова гүлдүн 200дөн ашык түрүн өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Жаңылбү Кабылбекова 200дөн ашуун гүлдүн түрүн өстүрүү менен алектенүүдө. Анын гүл өстүрүп баштаганына 15 жылдай болду. Өстүргөн гүлдөрүн кардарлар үйүнө келип алып кетишет. Бул тууралуу Ж.Карыбекова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

«Жаңы гүл өстүрүп баштаганда үйдө гүлдүн 10дон ашуун гана түрү бар болчу. Базардан, туугандардын үйүнөн жакшынакай гүлдөрдү көрүп калсам сатып алат элем. Кийинчерээк гүлдүн түрлөрүн башка өлкөлөрдөн да алып келе баштадым. Кыздарым да гүлгө кызыккан үчүн, алар да жакшынакай гүл көрүп калса алып келип бере турган болуп калды. Ошентип отуруп гүлдөрүмдүн түрү көбөйдү. Өзүм Өзбекстан, Түркия, Россия өлкөлөрүнөн барып гүлдөрдү алып келе баштадым. Учурда үйдө жана сыртта өстүргөн гүлдөрүмдүн саны 200дөн ашуун», - деди ал.

Гүл өстүрүү түйшүгү жаш баланы карагандай эле болот. Ар бир гүлдүн өзүнүн мүнөзү болот, деп кошумчалады.

«Бир гүл куурап же өспөй калса маанайым түшөт. Күнүнө жок дегенде гүлдөрүмдү 5-6 жолу айланып карап чыгам. Баардык гүлдөрдү өстүрүү ыкмасы бирдей болбойт. Гүлдөрдү сугаруу ыкмалары да ар түрдүү. Кээ бир гүлдөр күнүгө суу ичсе, башка түрлөрү 10 күн аралыгында сугарылат. Ар бир гүлдүн өзүнүн дан азыктары болот. Аларды убагында берип туруу керек. Гүлдөрдү кышында атайын бөлмөдө өстүрөм. Быйыл сыртка гүлдөрдү эрте алып чыгып алып көп гүлүмдү соолутуп алдым.

Азыр гүлдөр үчүн атайын үй куруп жатам. Үйдүн ичине жылуулук системасын киргиздик. Гүлдөрдүн  үйүн куруп, гүлдөрдүн түрүн дагы да болсо көбөйтүүнү пландап жатам. Азыр бир кызым Германияда иштеп жатат. Ошол жактан гүл алып келүүнү пландап жатам. Көбүнчө оңой өстүрүлө  турган гүлдөрдү өстүргөндү жакшы көрөм. Гүлдөрүмдүн баасы 200 сомдон  1000 долларга чейин. Бирок учурда эч ким миң долларга ала элек. Мээнет менен өстүргөн гүлдү 5-10 миң сомго сат деп айтышат. Мен андан кымбатка да саткым келбей калат. Гүлдөрдүн дарылык касиеттери да бар. Тамак оорусу, кан басымдын көтөрүлүшү, ысык өтүп кетсе жана тери ооруларына колдонсо болот. Кээ бир гүлдөр тескерисинче аллергияны пайда кылат. Гүлдөрсүз жашоомду элестете албайм. Негизги максатым гүл сатуу эмес, өстүргөн гүлдүн түрүн миңге жеткирүү», - деди ал.

«Гүлчү эже» деген ат Жаңылбү Кабылбековага айылдаштары тарабынан берилгендиги да маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×