Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 29.07.2015 09:46

Айыл турмушу: Талас районунун тургуну Т.Сулайманов балык чарбасында 10 миң форелдин чабактарын өстүрөт (фото)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын тургуну Тынай Сулайманов балык өстүрүү чарбасын иштетүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Т.Сулаймановдун айтымында, ал бүгүнкү күндө айылдын төмөн жагында жайгашкан Кара-Суу аймагына атайын төрт контейнер орнотуп, ага Түп районунан 10 миң форелдин чабактарын алып келген.

Чабактардын ар бирин 12 сомдон сатып алып, аларды атайын даярдалган бул жайда өстүрүүдө.

Ишкердин жубайы Бактыгүл Курамаеванын айтымында, балыктарга кошумча азык катары жем берилет. Бир күндө балыктарга үч маал азык берилип, бир айда аларга 75 кг жем талап кылынат.

«Мындагы агып жаткан суу Кара-Суу деп аталат. Бул Талас суусу эмес, тоо этектеп түшкөн булактын суусу. Бул суу кышында тоңбойт. Андыктан, балыктарды сууга кармоого мүмкүн. Буюрса декабрь айында мындагы форелдердин салмагы 1 килограммга жетип калат», - дейт ал.

Ошондой эле, ал форель балыгын өстүрүү ары кирешелүү иш экендигин кошумчалады.

Айыл аймак башчысы Замир Сыдыковдун айтымында, жергиликтүү тургун өз алдынча ишкерликти өнүктүрүү менен үй-бүлөлүк кирешесин гана толуктабастан, жергиликтүү бюджетке салык төлөп, айылдын ички инфраструктурасынын оңолушуна салым кошууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×