Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуНарын району 28.07.2015 19:44

Айыл турмушу: Нарын шаарынан 110 чакырым алыстыктагы шарты оор Тамды-Суу айылы майда жандык, топоз бакканга ыңгайлуу келет (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Орток айыл аймагына караган Тамды-Суу айылы Нарын шаарынан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жол алыс болуп көптөгөн кыйынчылыктар менен каттайбыз, деп белгиледи жергиликтүү жашоочу Аман Ашырбаев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон  маегинде.

«Айылыбыз облустун борборунан 110 чакырым алыс жайгашып, элдин басымдуу бөлүгү мал-жандыктары менен сарайларда жашайт. Айыл элинин негизги киреше булагы болуп мал чарбачылык эсептелет. Жайкысын айылдыктардын 90%ы жайлоолорго чыгат. Кышкысын суук келип, жер кара чыгат.

Малга тоютту аз камдайбыз. Себеби мал-жандыктар талаадан эле оттоп келет. Бул аймак майда жандык, топоз бакканга ыңгайлуу», - деди А.Ашырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×