Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 28.07.2015 19:33

Айыл турмушу: Жумгалда кулпунай, малина өстүргөн дыйкан тапкан кирешесин балдарынын билим алуусуна жумшайт (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну Келдибек Адыраңов 4 жылдан бери кулпунай, малина өстүрүп келет.

Жалпысынан 25-30 сотых жерге айдалган бул жемиштердин уругун өзүмдүн иштеп тапкан эмгек акыма алып тиккем, деп билдирди ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Дыйкандын айтымында, бул жемиштерди багуу кылдат мамилени талап кылат. Жылына 2-3 жолу отоп, жумасына 1 жолу сугарып турат. Бул жылы 1-алган түшүмүн базарга чыгарып, малинанын 1 килограммын 150 сомдон, ал эми кулпунайдын бир чакасын 300 сомдон сатты.

«Өткөн жылы бул жемиштерден 100 миң сом таза киреше алгам. Быйылкы жылдын кирешесин былтыркыдан көбүрөөк болот деп болжолдоп жатам. Себеби быйыл кошумча 15 сотых жерди ижарага алып жемиштерди көбөйттүк», - деди К.Адыраңов.

Келдибек мырза жубайы Гүлүмкан айым менен 2 кыз 2 уулдун ата-энеси. Дыйканчылыктан тапкан кирешеси менен балдарынын билим алуусуна шарт түзүштү.

«Бул жемиштерди өстүрүүнү атайын окуп-үйрөнгөн эмеспиз. 2 жыл Чүй облусунун Сокулук районунда жашаганбыз. Ошол жылдары кулпунай, малина өстүрүп тажрыйба алдык. Мындан тышкары, өзүбүзгө да чакан жемиштерди тиккенбиз. Мисалы бадыраң, капуста, помидор, жүгөрү жана күн карама. Алдыда малинаны да көбөйтөлү деген планыбыз бар», - деп кошумчалады дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×