Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 28.07.2015 17:56

Айыл турмушу: Базар-Коргон районундагы «Сымайгыда» ишканасы жууп-тазалоочу каражаттарды чыгарууга даяр (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы «Сымайгыда» жоопкерчилиги чектелген коому жууп-тазалагыч каражаттардын бир нече түрүн чыгаруу алдында турат. Мындай маалыматты аталган ишкананын деректири Сулайман Сариев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Маалыматка ылайык, жууп-тазалоочу каражаттарды даярдоого керектүү нерселер, техникалык жабдыктар Түркия мамлекетинен алынып келинген. Ишкана ушул жуманын соңунда алгачкы продукцияларын керектөөчүлөргө тартуулаганы жатат. Анда кир жуучу, идиш-аяк тазалоочу, жуунучу каражаттардын бир нече түрү даярдалат.

«Өндүрүш толугу менен ишке киргизилсе 10дон ашуун киши жумуш менен камсыздалат. Жумушчулардын орточо эмгек акысы 10-12 миң сомду түзөөрү күтүлүүдө», - деди С.Сариев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×