Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 28.07.2015 16:33

Айыл турмушу: 10 жылдан бери банан өстүрүү менен алектенген кара-суулук Ж.Кабылбекова көчөттөрүн башка мамлекеттерге сатууда (фото)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Жаңылбү Кабылбекова 2005-жылдан бери банан өстүрүп, түштүк аймактарга банандын көчөтүн таркатууда.

Бирок 10 жыл ичинде бир жолу гана түшүм алган.

«Биздин өлкөдө алгачкылардан болуп банан өстүргөнгө кызыккандардын катарын толуктадым. Алгач биздин өлкөдө банан өспөсө керек, банандын көчөтүн кайдан табам деп издеп жүрдүм. Кийин Өзбекстандан бир түп кичинекей банандын көчөтүн миң сомго сатып алдым. Бананды үйгө алып келгенде кызым урушкан ”кичинекей бананды ушунча кымбатка алып, бизде банан өспөсө керек” деп. Бананды жаңы өстүрүп жатканда өстүрүү ыкмаларын бүт, китептен окуп үйрөндүм. Биздин өлкөдө тропикалык жемиштер өспөйт деген  түшүнүк  жайылып кеткен. Мен гүлдөргө кызыкканым үчүн аны бананды сулуулук үчүн гана эккен элем. Банан үч жыл аралыгында түшүм  берет экен. Бананды көчөтүнөн көбөйтүп алууга болот. 6-7 жыл аралыгында өзүм көбөйттүм. Анан сата баштадым.

Бир туп банан 70-80 даана банан берет. Бирок бизде банан толугу менен бышбай калат экен. Мен кышында күнөсканада, жайында эшикке алып чыгып өстүрөм же балким ушундандыр. Бир жерде бирдей аба-ырайында өстүрсө түшүмдү жакшы берет. Бананды жаны өстүрүп жатканымда элдин баары таң калышкан. Азыр өлкөнүн бардык аймактарынан келип, банандын көчөттөрүн алып кетишет. Андан сырткары Россия жана Түркия өлкөлөрүнөн келип алып кетишкен учурлар бар. Россия өлкөсүнөн жердештерибиз келип алып кетти. Алар күнөсканага отургузуп, түшүм алып жатат экен. Азыр учурда өзүмдө 10 данадан ашуун банандын көчөтү бар. Банандардын көчөтүн миң сомдон сатам. Бананды жаңы өстүрүп жатканда айыл өкмөтү тарабынан кандай жардам керекдеп айтышкан. Анда мен жер бөлүп берүүсүн өтүнгөм. Бүгүнкү күнгө чейин ал жерден дайын жок. Банан эккенден бери бир жолу түшүм алдым. Негизи жылда эле мөмө байлайт. Бирок бышпай калат. Кийинки жылдан күнөсканага банан өстүрүп түшүмүн алам деп жатам. Өстүрүү жолдору көп деле кыйын эмес. Кадимки гүлдү карагандай эле мээнет кетет. Болгону кышында жылуу жерге которуп, жайында кайра сыртка алып чыгуу керек. Азыр кардарлар келсе банандын көчөтүн сатып койом. Кийинки жылдан буйруса көчөтүн, түшүмүн сатууну пландап жатам. Айыл чарба министири тарабынан күнөскананы курууга бир аз жардам көрсөтүлсө»,-дейт Ж. Кабылбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×