Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.07.2015 16:20

Айыл турмушу: Ысык-Көлдүн Ананьево айылынын жашоочусу Т.Жунушбаев үй-бүлөсү менен боз үй жасап, комуз, домбра жасоону да мыкты өздөштүргөн

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын жашоочусу Токторбай Жунушбаев үй-бүлөсү менен боз үй жасап, комуз, домбра жасоону да мыкты өздөштүргөн. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, ал көп жылдан бери жыгач устачылык менен алектенет.

«Атабыздын кесибин улантып, жыгач устачылык менен алектенебиз, боз үй жасайбыз. Бул иште мага туугандарым, үй-бүлөм көмөктөшөт. Азыр комуз жана домбра да жасап жатам. Мурда комуз чаап келсем, азыр аны калыпка салып, жыгачты ийип жасайм. Ушундай ыкма менен даярдалган комуздун үнү да мыкты болот. Анткени ал жылмаланып, сүрүлгөн жаңгактын жыгачынан даярдалып, тегиз жатат. Үй-бүлөбүз биргелешип, кеӊешип аракеттенген үчүн ийгилигибиз артып, эмгегибиздин үзүрүн көрүүдөбүз», - дейт Т.Жунушбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×