Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуКара-Суу району 28.07.2015 09:35

Айыл турмушу: Кара-Суунун аймагындагы лөлү тектүүлөрдүн жашоосу (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу районунун аймагында лөлүлөр жашаган айыл Жаңы-Маале деп аталат. Лөлүлөрдүн эркектери жалданып иштеп акча тапса, аялдары тилемчилик кылып, көчөдөн темир-тезек чогултуп жан багып келишет. Алардын арасында билимге умтулгандары деле бар.

Аталган айылдын жашоочуларынын бири Дилмурат Төрөбаев, лөлү тектүү кыз-келиндердин көчөгө чыгып тилемчилик кылганына уялбасын айтат.

«Биз көчөгө чыгып тилемчилик кылгандан уялбайбыз. Себеби кеңседе отуруп иштегенге биздин билим деңгээлибиз төмөндүк кылат. Балдарыбыз эки сандын башын кошуп, атын жазышты билбейт. Ата-бабаларыбыз илгертен эле  бир жерде жашабай ар жерге көчүп жашашкан.

Элибиз  өтө бай эмес. Эң бай деген адамдардын үйүндө 1 автоунаа 2ден малы болот. Бул биздин калктын 1 бөлүгүндө гана кездешет. Калган жашоочулардын чоң ишке жарап калганы устачылык кылып, жалданмачылык кылып күн көрөт. Ал эми кыз-келиндер, жаш балдар көчөгө чыгып тилемчилик кылат. Темир-тезек бузук нерселерди алып келип темир базарга тапшырып акча табат. Көчөдөгү элдер бизди жаман көрүшөт.

Бир үй-бүлөнүн кеминде 3 баласы болот. Ага бир кишинин таап келген акчасы жетишпейт. Ошондон улам көчөгө чыгып тилемчилик кылышат. Алар деле жарыталуу акча таппайт. Күнүнө 100,150 сомдун тегерегинде таап келишет. Мындан сырткары үлүш жерлерибизге жүгөрү, буудай эгип дыйканчылык менен алектенебиз», - деди Дилмурод.

Балдарынын билим деңгээли төмөн экенин жашырбаган Дилмурод мырза, мектептеги мугалимдерди күнөөлөбөй, өздөрү тараптан бир да билимдүү адам чыкпаганына жаны кейит.

«Балдарыбыз кадимкидей эле башка балдарга окшоп мектепке барышат. Бирок сурасаң өзүнүн атын айткандан башка эч нерсе билишпейт. Буга себеп мекепте сабактын кыргыз тилинде жүргүзүлгөндүгү деп деле айтпайм, болгону биздин улуттан бир аалым чыкпаганына таң калам. Балдарды жогорку окуу жайга окутпайбыз. Себеби ушул  деңгээлде эч ким биздин балдарыбызды окуткусу келбейт. Биздин да дараметибиз жетишпейт. Бир батирде 20га жакын адам жашайт.

Күндүзү баары тиричиликтин аркасынан көчөгө чыгып кетип, кечинде чогулуп отуруп калышат. Бизге үлүш жер аз болгондуктан шартыбыз өтө оор. Мисалы мен 4 бөлмөлүү батиримде 3 баламдын үй-бүлөсү менен чогуу жашайбыз. Алардын ар биринде 3-4төн баласы бар. Бул мендеги эле көйгөй эмес, ушул айылда жашаган ар бир үйдө ушул көйгөй бар. Бизге үлүш жер бөлүп бергенде колубуздан келишинче там тургузуп балдарыбызды бөлүп чыгарат элек. Азыр эми эптеп колдон келишинче  күн көрүп жатабыз», - дейт ал.

Дилмурод Төрөбаев оор жумуш жасай албай калгандыктан, ар кандай  кооз чымчыктардын  түрлөрүн жубу менен сатып келип, багып, бирөөсүн 100 сомдон ашык акчага сатып тиричилик кылат.

Аларда кыздын калыңына 5 миң сом алышат. Каражат жагынан кыйналган үй-бүлөлөр үйлөнсө эки тарап келишип, эки жашка керектүү буюмдарды алып беришет.

Ал эми маркум узатууда бир мал союп, кырк күндүк, жылдык сыяктуу салттары бар.

Лөлүлөр Оштун Жаңы-Маале айылына 1970-жылдары көчүп келишкен. Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун калк бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×