Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуНарын району 27.07.2015 19:35

Айыл турмушу: Кышкы суук 40 градустан ашкан Нарындагы Орук-Там айылы уюлдук байланышка муктаж (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Орук-Там айылы Орто-Нура айыл аймагына карап, Нарын шаарынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Айыл электр жарыгы менен камсыздалган, бирок уюлдук байланыш жок. Жолубуз алыс, деп билдирди айыл тургуну Камчыбек Кемелов аймактык кабарчыга.

Анын айтымында, кышкысын капчыгай кардан жабылып, башка жактарга каттоого мүмкүн болбой калат.

«Андай убакта Сары-Булак аркылуу айланып, Нарын шаарына 250 чакырымды басып келебиз. Жол кире Бишкек—Нарын каттамынын баасына тең чыгат. Орук-Там айылынын калкынын саны 100-120 адамды чамалап, 30га чукул түтүн жашайбыз. Кышкысын кар жука түшкөнү менен суук 40 градустан ашат. Уюлдук байланыш менен камсыз болсок бир топ жеңилдик болот эле», - деди К.Кемелов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×