Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТоң району 27.07.2015 19:00

Айыл турмушу: 12 жылдан бери боз үй жасоо менен алектенген ысык-көлдүк Э.Убаев эмгектерин 320 миң сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылынын тургуну Эсентур Убаев 35 баштан 120 башка чейинки боз үйлөрдү жасайт.

Ал мындай иш менен 12 жылдан бери алектенип келе турганын билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ал жасаган эмгектерин Нарын облусуна чейин келип сатып кетип.

«Азыр боз үйлөрдү 35 баштан 120 башка чейин жасап жатам. Боз үйдүн ичине темир же болбосо Кытайдын материалдары колдонулбайт. Кийиз менен жыгачтар, талдын түрлөрүн колдоном. Бир боз үйдү даярдап чыгуу үчүн 3 ай убакыт кетет», - деди ал.

Э.Убаевдин боз үйлөрү 2 түрдө: жөнөкөй жана жасалгаланып жасалат. Жөнөкөй боз үйлөр 40-100 миң сого чейин бааланса, жасалгалангандары 160-320 миң сомго чейин сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×