Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАт-Башы району 27.07.2015 18:51

Айыл турмушу: Ат-башылык А.Касымов 6 карышкырдын терисинен жасаган ичикти 80 миң сомго же жылкыга баалайт (фото)

Turmush -  Нарындагы Ат-Башы районунун тургуну Аалы Касымов карышкырлардын терисинен жасаган ичиктерин сатуу менен киреше табууда.

Даярдаган ичиктерин 2 жылдан бери Нарын, Бишкек шаарларына жана Кочкор районуна сатып жаткандыгын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

«Алгач даяр ичикти сатуу менен баштагам. Акыркы 2 жылдан бери өзүм жасап сатып келем. Бир ичикти жасап чыгууга 6 карышкырдын териси кетет. Кыш мезгили келген убакта атылган карышкырларды 5-10 миң сомго чейин сатып алам. Андан соң аларды иштетип, ичик жасайм. Бир ичикти жасоо үчүн 70 миң сом сарпталат. Даяр болгон ичикти 80 миң сомго сатам же жылкыга алмашам», - деди А.Касымов.

Белгилүү болгондой, 1 ичикти жасап бүтүрүүгө 15 күн убакыт кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×