Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусу 27.07.2015 17:51

Айыл турмушу: Исфана шаарынын тургуну Э.Касымов үй-бүлөсү менен таштаман жасап, мектеп жана бала бакчаларды камсыз кылат (фото)

Turmush -  Исфана шаарынын тургуну Эркинжон Касымов 2012-жылдан бери үй-бүлөсү менен таштаман жасап, жергиликтүү тургундарды арзан жана сапаттуу таманташ менен камсыз кылат. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Алгач көптүн катарында май жуваз, тегирмен иштетип келишкен. Бара-бара иши алга жылып, таштаман жасап сатууну пландаштырат. Иш баштаардан мурда Тажикстанга барып, таштаман жасап саткан ишкерлерди көрүп, тажрыйба топтошот. Андан сырткары, интернеттен керектүү маалыматтарды алышат. Кийин керектүү жабдыктарды сатып алып, алгач пескоблок жасап жүрүп, акырындык менен таштаман жасоого өтүшкөн. Эркинжон Касымов эч кандай жумушчу албастан кыздары, уулдары менен кичинекей чарбагында иш жүргүзөт.

«Түйшүгү болбой иш болбойт», - деген иштерман Ак-Суудан атайын жуулган шагыл алып келерин айтат. Ал белгилегендей, бир унаа менен жүктөп келген шагыл 120-150 чарчы метрге чейин жетет. Ал эми жабдыктарды болсо Кытайдан сатып келген. Ошондой эле, боёкторду Тажикстандан алдырган.

«Алгач шагыл, цемент жана керектүү боёкту кошуп, цемент аралаштыргычтан чыккандан кийин формага өлчөмдүү салып, титиреткичтен өткөрүп, сарайдын ичине тизип коёбуз. Бир жумадан соң буюртманын ээси келип алып кетет. Элдин талабына жараша 5 түрдүү формада, ар кандай түстө жасап берем. Жумасына 25-30 чарчы метр таш таман чыгарам. 1 чарчы метр 350-400 сомдон сатылат. Алардын көбүн жергиликтүү жашоочулар үйлөрүнө, мектептерге жана бала бакчаларга сатып алышат. Бир сезондо 20-30 миң киреше табам. Сезондук жумуш болгондуктан жубайым экөөбүз үчүн кошумча киреше», - дейт Эркин мырза.

Ал өзү жеке компанияда айдоочусу болсо, жубайы райондук ооруканада иштейт. Экөө тең жумуш менен алек болгондуктан алар дем алыш күндөрү бала-бакырасы менен таманташжасап чыгарышат.

IMG-20150727-WA0145

IMG-20150727-WA0146

IMG-20150727-WA0147

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×