Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 27.07.2015 17:12

Айыл турмушу: Гезит, кагаздардан асма чырак жасап, миң сомго чейин баалаган Ч.Качикеевдин эмгектери (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну Чыңгыз Качикеев асма шам чырактарды жасап, 700 сомдон 1000 сомго чейинки баада сатат. Ал келечекте ишкана ачууну пландоодо. Анын буюмдары шаар тургундарынын ичинде кызыгуу жаратып, ал жасаган шам чырактарга жана кооздуктарга суроо-талап өсүүдө. Каарманыбыз өзүнүн жасаган эмгектери тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Мен кооз буюмдарды жасоо менен алектенгениме бир жыл болду. Алгач хобби катары алектенчүмүн. Гезиттерден, кагаздан кадимки жиптен жана жараксыз бөтөлкөлөрдөн ар түрдүү кооз буюмдарды жасачумун. Азыр асма шам чырактарга буюртмалар бериле баштады. Ал буюмдарды 700-1000 сомго сатып, үйлөрүнө орнотуп берем», - деди ал.

Ошто буюмдарды жасоого жетиштүү каражаттардын жоктугунан чет өлкөлөрдөн алдырууга туура келип жаткандыгын кошумчалады.

«Көбүрөөк буюмдарды жасаганга Ошто жетиштүү каражат жок. Аларды Кытайдан же Россиядан буюртма менен алып келсе болот. Бирок кымбат турат. Учурда жаштар да бул буюмдарды жасоого кызыга башташты. Аларга да үйрөтүп жатам. Ушул ишти өнүктүрүп, ишкана ачайын деген планым бар. Бул үчүн мага акча жана бирге жардамчылар керек. Келечекте улуттук колориттерди заманбап стиль менен айкалыштырып жаңы нерселерди жаратам», - деди Чыңгыз Качикеев.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×