Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуКочкор району 27.07.2015 16:07

Айыл турмушу: 39 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип жаткан кочкорлук С.Ниязова кыздын себин 30 миң сомго чейин даярдап берет (фото)

Turmush -  Нарындагы Кочкор районунун тургуну Сайкал Ниязова 38 жылдан бери ар кандай буюмдарды колго жасап келет. Бул иш менен алектенүүнү 19 жашында баштаган уз-чебер учурда жууркан, төшөктөн тарта кыздын себине чейин даярдайт. Андан тышкары, кийиз менен ар кандай сувенирлерди жасайт.

2006-жылы АРИСтин жардамы менен 40 миң сомдук тигүүчү машина алган.

«Андан бери кыз-келиндерге 4 жумуш орунун түзүп, үйдө иштеп жатабыз. Буга чейин Ат-Башыда өткөн «Шырдак» фестивалына да катышып келдим. Биздин буюмдардын көпчүлүгүн Кочкор айылынын тургундары сатып алат. Айрымдар атайын буюртма берет.

Кыздын себин 20-30 миң сомго чейин даярдап беребиз. Тигүүчү машиналарыбыздын эскирип калгандыгы айрым көйгөйлөрдү жаратууда. Азырынчы тигүүчү машиналарды жаңыртууга мүмкүнчүлүк болбой жатат», - деди С.Ниязалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×