Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 27.07.2015 11:26

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну сезон убагында 1 чака малинаны 1200 сомдон сатып, кошумча киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Замира аттуу тургуну сезон убагында малина сатып, киреше табат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Замира айымдын айтымында, ал жылына эмгек өргүүгө чыкканда Токтогулдан малина алып келип, Кара-Көлдөн сатып, кошумча каражат табат.

«Кечээ, Токтогулдан 30 чака малина алып келдим. Чоң чакасын 1000 сомдон, кичине чакасын 550 сомдон сатып алдым. Ал эми Кара-Көлдөн чоң чакадагы малинаны 1200-1300 сомдон, ал эми кичине чакасын 650 сомдон сатып жатам. Өзүмдүн иштеген жеримде айлык маяна аз болгондугуна байланыштуу, ушундай жол менен кошумча киреше табам», - дейт ал.

Ал белгилегендей, Токтогулда анын малина алып берүүчү туруктуу кардарлары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×