Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 27.07.2015 10:07

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну сезон убагында 1 таңгак чөптү 120 сомдон сатып, киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 39 жаштагы Самат аттуу тургуну жыл сайын июнь айынан тарта сентябрга чейин таңгак чөп сатуу менен үй-бүлөсүн багат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Саматтын айтымында, анын жүк ташуучу унаасына 150 даана таңгак чөп батат.

«Сезон убагында таңгак чөптөрдү алып келип, сатам. Мисалы, беде кошулган, аралаш 150 даана таңгак чөп сатсам, 3500 сом пайда көрөм. Ага кайра эле өзүмдүн малдарыма кышкыга тоют даярдайм. Чөптөрдү көбүнчө Ноокенден ташыйм. Буга чейин 12 жыл такси айдоочу болуп иштегем», - дейт Самат.

Ал белгилегендей, учурда бир таңгак чөптүн баасы 120 сомдон болууда.

«Кышында чөп кымбаттайт. Жазда 1 даана таңгак чөп 240 сомдон сатылат, кээде андан да кымбат болушу ыктымал», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×