Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 24.07.2015 14:07

Айыл турмушу: Ош шаарында үйлөнүү тоюн белгилеген түгөйлөрдү сүрөткө тартуучу аянтча ачкан С.Токторбаев сүрөткө түшкөн жубайлардан акы сурабайт (фото)

Turmush -  Ош шаарынын жашоочусу Санжар Токторбаев шаардагы Токтогул Сатылганов атындагы паркта үйлөнүү тоюн белгилеп жаткан жаш түгөйлөр үчүн кооз жана романтикалык жасалгадагы сүрөткө тартуу аянтчасын ачты.

Менин максатым – түгөйлөрдүн баш кошкон алгачкы күнүнө романтикалуу жагдай түзүү, алардын үй-бүлөлүк сүрөт альбомуна үлпөт күнүнөн жагымдуу элестерди калтыруу, - деп билдирет С.Токторбаев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына берген маегинде.

«Жубайым экөөбүздүн үйлөнү үлпөтүбүздөн кийин жаш түгөйлөрдү жана той салтанаттарды сүрөткө тарткан аянт ачып, жигердүү алектенем деп чечкем. Бул оюм ишке ашып жатат. Аянтка келип менин кызматымдан пайдалангандар үчүн атайын бир такталган төлөм акы коюлган эмес. Фотосессия кылган түгөйлөр чын көңүлүнөн чыккан, мени ыраазы кыла турган акы төлөмүн берүүдө», - деди С.Токторбаев.

Ош шаарындагы жаштар баш кошуу күнүндөгү үлпөттө шаардагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде сейилдегенди адатка айлантышкан. Бул сүрөт аянты жаштарды мындай адаттан арылтат, дейт ал.

«Жашоодогу чоң бурулушка кадам таштап жаткан жаш түгөйлөр үйлөнүү салтанатында аза кайгыны эскерүүчү жайда сейилдеп, шаң куруп жүргөнүн көрүп көңүлүм ооручу. Алар эстеликтин маанисин түшүнө беришпейт. Ошондуктан мен бардык шарттары менен үлпөт фотосессиясын жасоочу жай ачтым. Ал аянтка жарык менен коштолгон музыка, фуршет жана башка көптөгөн нерселерди кошумчалайм деген пландарым бар», - деп кошумчалады С.Токторбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×