Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАк-Талаа району 24.07.2015 10:01

Айыл турмушу: Ак-Талаа районунун бардык аймактарындагы кардарларга кезек күттүргөн «Эржан» тегирмени күнүнө 1 тоннага чукул ун өндүрөт (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 46 жаштагы тургуну Турат Абдраимов «Эржан» тегирменинен күнүнө 1 тоннага чукул ун өндүрөт. Аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, ал мындан 12 жыл мурун долбоордун алкагында айылдагы жалгыз тегирменди ачып иштете баштаган.

Учурда ал тегирмен 1-2-сорттогу ундарды өндүрөт. 1 килограмм унду 2 сомдон тартып берет.

Андан сырткары, буудай тазалап, жууй турган жабдыгы бар. 1 кг буудайды тазалап, жууп берүүнүн баасы 40 тыйын. Ошондой эле, башка жабдыктын жардамы менен угут, талкан, шак тартат.

Райондун башка аймактарынан да келген кардарлар кезекке турушат. Айрым кардарлар буудайын тегирменге таштап, даяр болгондо акысын берип алып кетишет. Жалпы чыгымдарын кошпогондо 1 күндө 1 миң сомго чейин каражат табат.

Мындан тышкары улпактын килограммын (ундун калдыгы) 5 сомдон сатат. Улпак сатып алуучулар да көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×