Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуКадамжай району 23.07.2015 13:11

Айыл турмушу: Кадамжайдагы Үч-Коргон айылында Зилола айым үй-бүлөсү менен өстүргөн мөмө-жемиштерди сатып, 2 млн сомдон ашык киреше табат (фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын тургуну Зилола айым бир сезондо 10 тоннага чейин шабдаалы сатат.

Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, анын үй-бүлөсү багбанчылык менен алектенип, Зилола айым эртеден кечке Ош—Баткен жолунун боюндагы чакан базарда кеч күзгө чейин мөмө-жемиштерди сатат.

Бүгүнкү күнгө чейин өз колу менен өстүргөн гиластарды саткан. Эми шабдаалы бышып, аны сата баштады.

Зилола айымдын шабдаалысын Бишкектен, Ысык-Көлдөн келген кардарлар алып кетет. Ошондой эле, анын түшүмү Россияга да жөнөтүлөт.

Багбан айым үй-бүлөсү менен өстүргөн мөмө-жемиштерин сатуу аркылуу жылына 2 миллион сомдон ашык киреше табат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×