Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТоң району 23.07.2015 10:29

Айыл турмушу: Тоңдогу Кара-Коо айылынын тургуну А.Эсенгелди уулу боз үйлөрдү жасап, 12 миң АКШ долларына сатат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну Акбар Эсенгелди уулу боз үйлөрдү жасап, 12 миң АКШ долларына сатат, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Айыл тургуну 2006-жылы боз үй жасоо менен ишин баштаган. Учурда күнүнө 5 ала кийиз, бир айда эки боз үй жасайт. Үй-бүлөсү менен жүргүзгөн ишкердигине айылдагы апаларды да тарткан. Учурда 10дон ашуун айыл тургуну иштеп, айлык маяналарын алышат.

Ал: «Жүн тытуучу, кийиз жасоосу станок орнотуп, аны менен катар мончо салып, айыл элине кызмат көрсөтөм», - деп, алдыда ишкердүүлүгүн кеңейтүүнү пландап жаткандыгын кошумчалады.

Ишкердин бош убактысы жок. Анткени күнүгө боз үй жасап, жүн тытып, кийиздер чыгарылат. Анда 35-100 баштык боз үйлөр жасалып, алардын наркы сапатына жараша бычылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×