Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Чүй облусуЖайыл району 23.07.2015 08:24

Айыл турмушу: Бишкектен Жайылга атайын жер которгон фермер Р.Кадыркулов 1150 гектар жер иштетүү менен ийгиликтүү эксперименттерди жасап жатат (фото)

Turmush -  Кечээ, 22-июлда Чүй облусунда «Раимбек» үрөн чарбасынын базасында дыйкан, фермерлердин жер иштетүүсү, үрөн чарба ачуусу боюнча өткөн семинарда ийгиликтүү фермер Роберт Кадыркулов өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, семинарга айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев, Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов, Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев жана дыйкан, фермерлер катышты. Келгендер Роберт Кадыркуловдун дыйкан чарбасы менен кенен кенен таанышып чыгышты.

Роберт Кадыркулов Жайыл районунун Кара-Суу айылына мындан 12 жыл мурун Бишкек шаарынан көчүп келген. Бул жерде ал дыйканчылык менен алектенет. Жасаган иштеринен бир топ ийгиликтүү жүрүшүп жатканы — «Раимбек» үрөнчүлүк чарбасы. Анда ал Кыргызстандын климатына жана топурагынын өзгөчөлөгүнө ылайыктап башка жактан алынып келген үрөндөргө эксперимент жүргүзөт.

«Чүй өрөөнү үрөн чарба үчүн Орто Азиядагы эң мыкты жер. Биз дайыма үрөндүн сортторун текшерип турабыз. 2 жыл катарынан Краснодарда өндүрүлгөн "багира" сортундагы беде септик. Өткөн жылы отоо чөп көп болгондуктан жакшы үрөн ала албадык. Бул жылы эң жакшы, кургаган абалында 7 тонна түшүм алабыз деп турабыз. Бедеге болгону 80 гектар жер иштетебиз. Бул эксперимент иретинде гана. Беденин "багира" сорту текшерүүдөн өттү деп ойлойм. Учурда дыйкандардын эгини сугат же кайрак, өрөөндө же тоодо экендигин эске алып топурактын туздуулугуна жараша үрөн алуусун эксперимент кылып жатабыз», - деди Роберт Кадыркулов.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунун бүтүндөй батыш бөлүгүн беденин уругу менен «Раимбек» үрөн чарбасы камсыздайт.

Беденин «багира» жаңы түрү бат өсөт жана коюланып көбөйө бергендиги менен айырмаланып, Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүндө өстүрүүгө ыңгайлуу.

Роберт Кадыркуловдун өзүнүн 300 гектар жери бар. Ага кошумча 850 гектар жерди ижарага алып иштетет. Эксперимент үчүн ал Суусамыр тоо кыркаларындагы жерлерди ижарага алган.

Үрөнчүлүк чарбанын дагы бир сыймыгы буудайдын үрөнүнүн берген түшүмү. 1 гектар жерден 40-60 центнер түшүм берген «гетьман» сортун эсепке алганда бардыгы болуп буудайдын 3 сорту өстүрүлөт, деп тааныштырды семинардын катышуучуларына Роберт Кадыркулов.

Жолугушуунун жүрүшүндө келгендер тамчылатып сугаруу менен өстүрүлүп жаткан кызылча талаасы менен таанышты.

«Кызылча май айынын ортосунда айдалган. Кеч айдалгандыгына карабастан өз мөөнөтүндө бышып жатат. Тамчылатып суугаруу менен кант кызылчаны өстүрүүгө кеткен чыгымды 30%га азайтса болот, ага кошумча суу да үнөмдөлөт. Башкача айтканда тамчылатып сугаруу жолу менен кайрак жерге да кант кызылчасын өстүрсө болот. Кытайда майда кумдун үстүнө ушундай сугаруу жолу менен кызылча гана эмес күрүч да өстүрүшөт. Кара-Суу айыл аймагында сугат суу дайыма көйгөй жаратып келет. Андыктан сугаруунун бул жаңы ыкмасы бизди абалдан сактап жатат», - деп кошумчалашты «Раимбек» чарбасынын жумушчулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×