Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуКара-Суу району 22.07.2015 18:59

Кара-Суу районундагы «кыш завод» аталган айылдан фоторепортаж

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таширов айылынын тургуну Артык Азимов өзүнүн тобу менен бир күндө 2 миң даанага чейин кыш куят. Жай мезгилиндеги сезондо 100 миң кыш куюп сатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүнкү күндө кыштарды кардарларга бир даанасын 1 сом 60 тыйындан сатышууда. Өткөн жылы кыштын баасы 2 сом 30 тыйынга чыккан.

А.Азимов рублдин курсу түшүп, турак-жай кургандардын азайганын айтат.

Аталган айылда А.Азимов сыяктуу кыш куюп, ишкерлик кылгандардын саны 40ка жакын.

Кара-Сууда Таширов айылын «кыш завод» айылы деп аташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×