Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.07.2015 17:14

Ысык-Көлдүн Корумду айылынын жашоочусу А.Сатиева күнөсканага жашылча өстүрүп, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонот

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагынын Корумду айылынын тургуну Айсулуу Сатиева күнөскана куруп, помидор жана башка жашылчаларды өстүрүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирет.

«Биз жолдошум экөөбүз интернеттен «Карагат плюс» долбоорун көрүп, күнөскананы кандай салуу керектигин үйрөнө баштадык. Күнөскананы 2,5 сотых жерге курдук. Жалпысынан 15 миң доллар сарпталды. Күнөскананын үстүн Орусиядан алынып келген поликарбонат менен жаптык. Анын сапаты мыкты, күн нурун жакшы өткөрөт. Тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуп жатабыз. Жашылчаларыбыз жакшы өсүп, түшүмүн берейин деп калды», - дейт А.Сатиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×