Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 22.07.2015 11:02

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 75 жаштагы тургуну М.Абылкасымов жаш кезинен тарта шахматты мыкты ойнойт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 75 жаштагы тургуну Мыктар Абылкасымов жаш кезинен тарта шахматты мыкты ойнойт, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ал Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасында туулган. 1965-жылы Кара-Көлгө ГЭС куруучу болуп келген. Ошол жылдардан бери инженер-механик болуп, Нарын гидро курулушта үзүрлүү эмгектенген. Учурда пенсияда.

Ал бош убактысын шахмат ойноп өткөрөт.

«Мен аскерде жүргөндө чоң кростук мелдеш өтүп, ага катышып, биринчиликти алдым. Ошол күндөн баштап чуркоону адатка айланттым. Кийин аскерден келип, иштеп жүргөндө күндүр-түндүр иш болбой калганда жүгүрүүнү калтырып, шахмат ойноого өттүм», - дейт ал.

Ал шахматты 25 жашынан тарта ойноп баштаган.

«Кара-Көлдөгү шаардык турнирлерге катышып, биринчиликти алган күндөрүм болду. Ал күндөрдү эске салып турган грамоталарым үйдө өздүк архивде турат. Шахмат адамдын аң сезимин өстүрөт. Азыр неберелериме дагы үйрөтүп жатам», - деди ал.

«Чуркоону таштаганым менен дем алыш күндөрү тоолорго чыгам. Айына 2-3 жолу 10 чакырымга чейин жөө жүгүрөм. Тоого чыкканда көңүлүм ачылып, өзүмдү жеңил сезем. Экинчиден ден-соолугума пайдасы чоң. Карыганда кыймыл азайып, кан жүгүрүү жайлап калат. Ал эми көп кыймыл ушунун баарын жөнгө салат», - деди М.Абылкасымов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×