Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 21.07.2015 16:31

Айыл турмушу: Оштун Жапалак айылындагы адырлардан дарылык касиети бар делген тикенектүү «гавар» өсүмдүгүн терип алуу уланууда (фото)

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы жашоочулар жайкысын «гавар» өсүмдүгүн терүү менен алектенишет. Кайрак жерде гана өскөн бул өсүмдүк терүүдө кыйынчылыктар жаралат. Аталган айылдын тургуну Клара Белек кызы эки жылдан бери «гавар» терип апасына жардам берип келет.

«Мен 4-класста окуйм. Өткөн жылдан бери апама жардам берем. Күнүнө 5-6 кг чейин терем. Күн сайын саат 6да келип, 2-3кө чейин терип кетебиз. «Гаварды» терүү кыйын, анткени тикенектери колуңа кирип, бир топ кыйынчылык жаратат», - деди К.Белек кызы.

Ал эми бул өсүмдүктөн дары жасала тургандыгын Акылай Жаныбай кызы айтып берди.

«Бул өсүмдүк уулу болуп эсептелет. Анткени бул өсүмдүктөн ооругандар (аллергия болгондор) дагы бар. Муну жегенге болбойт. Аны бардык эле адамдар тере албайт. Дары жасоодо гана колдонушат. Бирок кайсыл дары жасала тургандыгы бизге белгисиз. Биз терип дүңүнөнө сатып ала тургандарга тапшырабыз. Алуучулардын айтымында, бул өсүмдүктү Түркияга жиберишет. Алар дары жасап чыгарышат», - деди А.Жаңыбай кызы.

Бул өсүмдүктү дүңүнөн алуучулардын бири Максат Каримова дагы түшкө чейин балдары менен «гавар» терип иштейт. Бир жумада 2 жолу элден чогулткан өсүмдүктү кайра дүңүнөн өткөрөт. «Мен терип жүргөндөргө барып, жеринен 1 кг 55 сомдон алып келем. Анын үстүнө 5 сом кошуп, дүң баада алуучуларга өткөрөм. Эң көп тергендери күнүнө 10 кг чейин берет. Бир барганда 100 кг чейин жыйнап келем. Эң майдасы гана жарамдуу болуп эсептелет. Кардарлар гүлдөп чоңоюп кеткендерин алышпайт. Өзүм дагы үй-бүлөм менен жайкысын «гавар» терип тиричилигимди өткөрөм. Ал кайрак, адыр жерлерде гана өсөт. Биздин айылдын жашоочулары жыл сайын жайкысын «гавар» терүү менен алектенет», - деди М.Каримова.

Аталган өсүмдүк май айынын аягынан тартып август айынын этегине чейин терилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×