Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуБаткен району 21.07.2015 11:38

Айыл турмушу: Баткендин Кыштут айылында 30 жылдан бери музыкадан сабак берген А.Айдаров коңшу айылдардагы мектептерде да сабак өтөт (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кыштут айылынан чыккан чыгармачыл инсан Аширали Айдаров 30 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келет. Ал ата-журттун ыйыктыгын даңазалаган бир нече ырлардын автору, Эл агартуунун отличниги. Өзбекстан менен чектеш 2-3 айылда музыкадан сабак берип, элдин маанайын көтөрүп жүргөн инсандын жакында чыгармачылык кечеси өттү.

Аширали Айдаров 30 жыл бою Кыштут орто мектебинде мугалим болуп иштеген. Анын эмгегин Кыштут эли жана кесиптештери баалоо менен 50 жылдык маарекеси орто мектепте өттү. Ал чыгармачыл инсан катары бул мектепте окуучулар үчүн маданий-иш чараларды, мааракелерди шаңдуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жараткандардан. Учурда кесиптештеринин көпчүлүгү агайдын окуучулары.

Окуу бөлүмүнүн башчысы Байыш Сайданов: «Аширали агайдын Кыштут орто мектебине кылган эмгектери өтө чоң, себеби биздин кичинекей айылыбызда орто мектепте музыка сабагынан окуучуларды өзүнө жакшы тарта билет. Ошондой эле, окуучуларга таалим-тарбия берүүдө эмгеги зор. Мектептин чыгаан мугалимдеринин бири. Билим берүүнүн отличниги», - дейт.

Айыл башчы чыгармачыл инсандын бир гана мугалимдик кесип менен гана чектелбей башка кызматтарда дагы өзүн мыкты көрсөтө билген жаран экенин айтат. Кыштут айылынын айыл башчысы Исамидин Назиров: «Мугалим болуп иштеп айылдын жаштарына келечек муундарына тарбия берип келет. Айылдык кеңештин депутаты, мектеп директору, уюштуруучу болгон. Айылдагы искуство тармагына көңүл бурган инсан. Өзү чыгармачыл, мээнеткеч, чынчыл, ак-ниет», - деп кошумчалады.

Кыштут айыл өкмөтүндө музыка сабагынан мугалимдердин жетишсиздигинен улам Аширали агай бир гана Кыштут орто мектебинде эмес кошуна айылдардын мектептеринде да музыка сабагын өтүп, ыр, бийге шыктуу жаштарга аз да болсо өз билимин берип келет. Бир гана окуучулар эмес бир туугандары да бул инсандан үлгү алышаарын айтат иниси Тойчу Айдаров.

«Бүгүн жакшынакай бир салтанаттуу кече болуп отурат. Менин бир тууган агам Аширали Айдаровдун 50 жаш кутман курак кечеси жана ошондой эле 30 жылдык чыгармачылык кечесин өткөрүп отурабыз. Эл-журт, тууган-урук дегендей, облустук-райондук жетекчилер келип, салтанат өтө жогору болуп отурат. Адам-затта бир тууган болсун, бир тууган болгондон кийин бири-бирибизге жөлөк болобуз. Ушул агам аркылуу менин адабиятка-маданиятка кызыгуум пайда болду», - дейт ал.

Аширали Айдаров мектептеги музыка сабагынын аздыгын жана окуучулар жаңы нерселерди үйрөнүүнү эңсээрин айтат. Ал программадагы ырлар менен гана чектелбей, өзү чыгарган ырларын да окуучуларга үйрөтүп келет.

Аширали Айдаров: «Бир жумада музыка сабагы бир жолу кирет. Бир айдын ичинде бала бир ырды 3-4 жолу кайталашка туура келет. Бала жаңыланууну жакшы көрөт, бир ырды кайталай берсе наристе тажап кетет. Улам-улам ырдатып, балага улам жаңы ырларды үйрөтүп туруш керек. Ошонун негизинде программадан тышкары өзүмдүн ырларымды үйрөтөм», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×