Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАк-Талаа району 21.07.2015 09:03

Айыл турмушу: Ак-Талаанын 60 жаштагы тургуну 40 жылдан бери жердештерине чачтарач катары кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын 60 жаштагы тургуну Жаңыл Байманбетованын чачтарач иштетип келгендигине 40 жыл болду. Аталган ишкер Баетов айыл аймагынын борборунда ачкан чакан чачтарач кеңсесинде 1976-жылдан бери жергиликтүүлөргө кызмат кылып келет. 

Ал эркектердин чачын тегиздөөдө 70 сом, ал эми кыз-келиндердин чачын тегиздөөдө 100 сомдон акы алат, деп маалымдайт аймактык кабарчы. Күнүнө 10-15 кардар бул чачтарачканага кайрылат. Ошондой эле, Ж.Байманбетова чач жасалгалоонун баардык түрүн жасай алат.

Бул кесип боюнча СССР учурунда билим алган. Тапкан киреше күнүмдүк оокат кылууга кенен жетет, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×