Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 20.07.2015 18:23

Айыл турмушу: 24 жылдан бери ачкыч жасап, киреше тапкан Гарифулиндердин үй-бүлөсү өз ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландашууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын жашоочусу Зариф Гарифулин 6 жылдан бери шаардагы борбордук базардын ортосунан орун алган устаканага кайрылган калктын ачкычтарын жасап, калыбына келтирип иштеп келет. «Бул жумуштан ырахат алам»,- деп билдирет ал Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде.

25 жаштагы Зариф Гарифулиндин атасы — Ринат Гарифулин мындан 24 жыл мурун ачкыч жасап, оңдоо үчүн өзүнүн чакан ишканасын ачкан. Мындан 6 жыл мурун атасынын кесибине Зариф да кызыгуу артып, бул жумушту бат эле өздөштүрүп алган.

«Мен кесибим боюнча электрикмин, бирок атамдын жолун жолдогум келди. Бул иш абдан кызыктуу, өзгөчө чип ачкычтарын жасаганды жактырам, аны жасоо жөнөкөй иш эмес. Алгач чип ачкычтарын калыбына келтирүүнү компьютерде иштеп чыгам, андан кийин аны колго даярдоого киришем», - деди жаш чебер.

Бул чакан ачкыч жасоочу цехте 11 станок коюлган. Ачкычтарды кайра жасоо үчүн 1 сутка талап кылынат.

«Япония автоунааларынын ачкычтарын жасоо жеңилирээк, калган унаалардын ачкычын жасоого толук 1 күндүк убакыт керек. Бирок, жумуш ушунусу менен кызык, мага жагат. Сен элдерге жардам бересиң, алар сага ыраазычылыгын билдирет», - деп кошумчалайт Зафир.

Ал Советтер союзу мезгилинде жасалып калган ачкычтар абдан бышык жана сапаттуу экендигин айтат.

Гарифулиндердин үй бүлөсү өз ишмердүүлүктөрүн кеңейтүүнү пландап, калкка кызмат кылууну улантууну көздөшөт.

«Ачкыч өзгөчө эс алуу убагында көп жоголот. Көпчүлүгү аны чөнтөгүнө салып алганын эстен чыгарып, көлгө түшүп кетишет»,- деп сөзүн жыйынтыктады Зафир Гарифулин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×