Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.07.2015 17:30

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 60 жаштагы тургуну 10 жылдан бери эртең менен сууга түшүп, ден-соолугун чыңдайт (фото)

Turmush -  Кара-Көлдүн 60 жаштагы тургуну Салима Аблакулова 10 жылдан бери эртең менен эрте сууга түшүп, ден-соолугун чыңдайт, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ал кесиби боюнча кыргыз тили мугалими.

«Мен бир гана көлгө түшүү менен алектенбестен, таң эрте туруп, жөө басууну дагы адатка айланткам. Жөө басканда узак жерлерге чейин басам. Эки жылдан бери ооруп, көлгө түшүүнү токтотуп койгом, бирок быйыл кайра баштадым. Таң эрте жөө бассам, өзүмдү жеңил сезем, ден-соолукка да пайдалуу», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×