Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуБакай-Ата району 20.07.2015 11:51

Айыл турмушу: Бакай-аталык С.Саткыналиевдин үй-бүлөсү сүрөт тартып, комуз чертип, гүл өстүрүп жан дүйнөсүн байытууда (фото)

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылынын жашоочусу Сүйүналы Саткыналиев 73 жаш курагында дагы өзү сүйгөн сүрөт тартуу өнөрү менен алектенүүдө. Бул тууралуу С.Саткыналиев аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Сүрөт тартуу — мендеги тубаса талант деп билем, себеби атайын бул багытта билим алган эмесмин. Мектепти аяктап, кайра эле өзүм окуган мектепке сүрөт сабагынан мугалим болуп эмгектендим. Талапка ылайык жогорку билим керек болгондуктан Пржевальск институтунун педагогика факультетинде орус тили сабагы багытында билим алып, кайра айылдык мектепке кызматка орношком. Орус тили мугалими болгонум менен сүрөт ийримдерин жетектеп, мектеп жасалгалары менин колумдан чыкчу», - деди Сүйүналы Саткыналиев.

«Сүйүналы ата тарткан сүрөттөрдүн өзгөчөлүгү — боёкту туура тандап, аны колдоно билгендигинде», - деди Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин мугалими Юруслан Жекшенканов.

Ал сүрөт тартуудан сырткары кыргыздын улуттук аспабы болгон комузда да кол ойнотуп, мыкты күүлөрдү черткенден рахат алат. Ал эми, Жубайы Сурмакан үйүнүн айланасын гүл бакчага айлантып койгондугуна күбө болдук. Маектешибиз жубайы гүлдөрдү сугарып, отоп, кам көргөндө мукам үнү менен обон созуп алгандан эргүү аларын айтат.

Мээримдүү ата-эне бүгүнкү күндө 4 бала 5 неберени тарбиялап чоңойтуп, эрезеге жеткизген.

Мындан сырткары бул үй-бүлө райондук мамлекеттик администрация тарабынан «Үй-бүлө, тынчтык жана кечиримдүүлүк жылында» кошкон салымы үчүн Ардак грамота, ыраазычылык баракчалары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×