Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТүп району 20.07.2015 11:50

Айыл турмушу: Түптөгү Сары-Дөбө айылында ата жолун жолдоп, күлүктөрдү таптаган К.Убайдылаев 6 адамды иш менен камсыз кылган (фото)

Turmush -  Бала кезинен бери мал асыроону жакшы түшүнгөн Түп районунун Сары-Дөбө айылынын тургуну Курманбек Убайдылаев учурда таза кандуу күлүктөрдү таптайт, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы. Саяпкердин айтымында, жылкы баласын асыроо атамдан калган. «Өз кезегинде атам 5 айылдын арасында ат таптоо боюнча астына киши түшүрбөптүр», -дейт ал.

Оз ишин алгач мал боордоо менен баштаган айыл тургуну бул ийгиликтеринин баардыгы оңойго турбагандыгын белгилейт.

Саяпкер чарбасын кичүү уулунун атынан «Байтур» асыл тукум мал асыроочу жана үрөөнчүлүк чарбасы деп атаган. Анда Англиядан жана Франциядан алынып келинген күлүктөр тапталууда. Күлүктөр 2 жаштыктан 6 жашка чейин болуп, чарбачылыгында жалпысынан 65 жылкысы бар.

Курманбек мырзанын билдирүүсүндө, күлүктөрдү түнкү саат 3төн баштап тапташат. «Атайын кошулмалуу тоюттарды берип, табынан бузбайбыз. Жылкы адам баласынын канаты, ага өзгөчө көңүл буруу керек», - дейт саяпкер.

Ар бир күлүктүн документтери, ата-теги жазылып, сарайдын эшигинде илинген. Саяпкер айылдагы 6 баланы иш менен камсыз кылып, 6 миңден айлык акы төлөп берет.

Ар бири 6дан байге алып келген күлүктөр алдыда аламан байгеге карата кызуу тапталып жаткан маалы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×