Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуБакай-Ата району 20.07.2015 11:30

Айыл турмушу: Бакай-Атанын тургуну К.Дооронова жашылча-жемиштерден күткөндөгүдөй түшүм алып баштады

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылынын тургуну Калима Дооронова огородундагы жашылча-жемиштерден күткөндөгүдөй түшүм алып баштады. К.Дооронова аймактык кабарчыга билдиргендей, бул жылы дагы 15 сотых жерге помидор, бадыраң, сабиз эгип, азыркы тапта бадыраңдардын алгачкы түшүмүн ала баштады.

«Быйыл түшүм жакшы. Өткөн жылы жаан-чачын аз болуп, жашылча-жемиштер жакшы түшүм берген эмес. Быйыл жаз алды менен жаан жетиштүү жаап, аба ырайынын жылуу болушу жашылча-жемиштердин өсүүсүн жана түшүмдүүлүгүн жакшыртууда. Сабиз күндөн күнгө чоңойуп жатат, помидор түйүп калды, бадыраңдарды терип, айылдык дүкөндөргө 1 килограммын 15 сомдон сатып, үй-бүлөлүк бюджетти толуктап жатабыз», - деп кубануу менен кошумчалады К.Дооронова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×