Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуТоң району 20.07.2015 09:58

Айыл турмушу: Тоңдун Коңур-Өлөң айылында тургундар өздөрү кураштырып жасап алган автоунаалар талаа жумуштарын бүтүрүүдө (фото)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылында айыл тургундары өз колу менен жасап алган техникалар майда жумуштун баарын аткарып жатат, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Бул техникалар картошка айдаганга, аны түптөгөнгө, казганга, чөп тырмаганга жана аны ташыганга чоң өбөлгө болушат.

Ушундай техниканын биринин ээси Элдияр Кирдикабаков: «Мен өзүбүздүн жаныбызды багыш үчүн ушул тракторду жасадым. Ар кандай техниканы чогултуп, «Жигулинин» моторун, «Жигулинин» коробкасын, анын артына «ГАЗ-52нин» коробкасын кошком. Арткы көпүрөсү болсо «Москвичтики», дөңгөлөк да «Москвичтин» дискасы менен жасалган. Муну жасаганыма 3 жыл болду. Жазында элдин жеринин 1 гектарын 400 сомго айдап бердик. Айылдаштарыбыз андан сырткары, 3 литр май куюп берип жатышты. Былтыр бир сезондо 10-15 гектар чөп тырмагам. Жакында чөп тырмөө иши башталат», - деп билдирди ал.

Э.Кирдикабаковдун айтымында, автоунаасынын тетиктерин чогултканга 20 миң сом коротуп, айрым тетиктерди бекер алган. Ал Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы №87 кесиптик лицейинде окуган. Өзүнүн 3 гектар 80 сотых жери бар.

Мындан тышкары, ушул эле Коңур-Өлөң айылынын тургуну Сүйүнбек уулу Эламан 11-класста окуйт. Ал атасы менен бирге түзүлүшү да, куралышы да жогорудагыдан башкача трактор жасашкан. Атасы Сүйүнбек экөө бул тракторду алмак-салмак айдашат. Алар талаачылык иштерин дал ушул унаа менен 5 жылдан бери бүтүрүп келет. Мотору «Волганыкы», арткы эки дөңгөлөгү сеялканыкы, рамасы «УАЗдыкы», көпүрөсү «ГАЗ-53түкү» болгон бул автоунаанын кабинасы «Кара» деген трактордон кичирейтип жасалган.

Эламан көбүнчө сабактан кийинки убактысын ушул «жоргосу» менен өткөрөт. Ал жакшы иштесе, ушул айылдан эле бир күндө 1000 сом табат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×