Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.07.2015 14:22

Өзгөн районунда жыл башынан бери 239 адам сарык оорусуна чалдыкты

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда жыл башынан бери сарык оорусуна кабылгандардын саны 239ду түздү. Бул тууралуу аталган райондун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Зулейха Дукенбаева аймактык кабарчыга билдирди.

«Райондун аймагындагы жугуштуу оорулардын эпидемиологиялык абалы боюнча сарык оорусунун «А» түрүнүн 6 айда катталганы 239 учурга жетти. Ал эми сарык оорусунун «В» түрү өткөн жылы 15 жолу катталса, быйыл 5 жолу катталды. «С» түрү боюнча быйылкы жылы эч ким катталган жок.

Өткөн жылдын 6 айында бруцеллез оорусунун 22 учуру катталса, быйылкы жылы 13 учур катталып, 9 учурга азайды. Эхинококкоз оорусунун 3 учуру катталды», - деди З.Дукенбаева.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×