Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
БаракелдеНоокен району, Бишкек 16.07.2015 13:28

Айыл турмушу: Ноокендин тургуну балык чарбасын уюштуруп, уулу «дакан» короздорун багып, киреше табышат (фото)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылынын тургуну, жеке ишкер Тилебалды Маматкулов үй канаттууларын багып, балык чарбачылыгы менен алектенет, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, ал бала кезинен эле балык чарбачылыгына кызыгып келген.

Ушул жылдын башында ал Өзгөн районунан «карп белый амур» жана «сазан» балыгынан 15 кг балыкты 350 сомдон алып келип, өз үйүнүн астында даярдаган көлчөсүнө салган. Ал балыктарга беде, гүнжара берип багат.

Ал эми Т.Маматкуловдун уулу Өмүрзак «дакан» короздорун багып, башка райондорго чейин барып уруштурат. Өмүрзак Ноокен районунда короз уруштуруп, 15000 сом утуп алган.

Кошумчалай кетсек, бир эне тооктон 10-15 миң сомго чейин киреше табат. «Дакан» короздун кичинесин 700 сомдон баштап 2000 сомго чейин сатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×