Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 16.07.2015 12:53

Фоторепортаж - Кыргызстандагы православ аялдарынын жалгыз монастыры Балыкчы шаарында жайгашкан

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы чиркөө дагы, православ кыз-келиндердин монастры дагы Озерная көчөсүндө жайгашкан, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Берилген маалыматка ылайык, Петербургдук Ксения чиркөөсү — 1994-жылы салынган, заманбап курулуш. Бул жайга ар дайым келип сыйынуучу 100 чакты кыз-келиндер бар. Мындан сырткары башка өлкөлөрдөн келген туристтер да келип турат.

Петербургдук Ксения чиркөөсүнөн алыс эмес жерде Кыргызстандагы Монастардык Энелер Кудайынын Тихвиндик иконасы атындагы жалгыз монастырь жайгашкан.

2008-жылы Бишкек жана кыргызстандык епархияга петербургдук Ксения храмынын жетекчиси Валентина Никоновадан бош калган имараттарды берүү сунушу киргизилген. Валентина Никоновнанын бул өтүнүчү канааттандырылып, 1992-жылдан бери иштетилбей жаткан басмакананын имараты диний мекеме болуп калды.

2015-жылдын 20-февралында Бишкек жана Кыргызстандын епискобу Даниилдин көмөгү аркылуу, анын улуу эжесинин жетекчилигинин астында Кыргызстанда биринчи православ кыз-келиндеринин монастры уюшулду.

Учурда монастырда 4 диний кызматкер жашап, иштейт. Бул жакка дин адамдары бир нече күнгө келип, сыйынып турушат. Зыяратчылар үчүн атайын бөлмөлөр каралган. Жакында эле бул жайга мончо да курулуп бүттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×