Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАт-Башы району 14.07.2015 11:17

Айыл турмушу: Ат-Башыда жаңы ачылган кондитердик цех буюртмаларды кабыл алуу менен акысыз иштеп жаткан кыз-келиндерге эмгек акы берүүнү пландоодо (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылында жаңы ачылган кондитердик цех ундан түрдүү азыктарды жасап чыгарууда. Аталган ишкананын кызматкери Айзада Мамбетакунова Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде ишмердүүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Айзаданын айтымында, алар БУУнун Өнүктүрүү программасына долбоор сунушташкан. Сунушталган долбоор колдоого алынып, алгач цехке кызматкерлер даярдалды.

Кызматкерлер райондун Ача-Кайыңды айылында 1 жумалык өкуудан өтүшкөн. Анда тортторду, булочка, печенье, кекс жана ун азыктарынын баардык түрүн бышыргынды үйрөнүшкөн.

«Бул цехтин ачылганына 1 ай болду. Башында керектелүүчү азыктарды сатып алгандан абдан кыйналчубуз. Азыр бир аз жылыш бар. Чыгарган азыктарды дүкөндөргө коюп жатабыз. Бир кап ундан ар түрдүү продукция чыгарып сатсак 3 миң сом болот. Ага кумшекер, зыгыр май соода жана башка керектүүлөрдү алабыз. Айлык тууралуу азырынча ойлоно элекпиз.Чыгарган продукцияларыбыз көбүрөөк сатыкка чыккан соң эмгек акыны ойлонуштурабыз», - деди Айзада Мамбетакунова.

Учурда ар кандай таттууларга буюртмалар бериле баштагандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×