Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.07.2015 10:46

Жети-Өгүздүн Светлое-Поляна айыл аймагында иш «эмгекчил А.Атамбаев» аппаратынын гимни менен башталат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Светлое-Поляна айыл аймагында иш «эмгекчил А.Атамбаев» аталышындагы аппарат аркылуу гимндин коштоосунда башталат, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Бул аппарат аркылуу күнүгө эртең менен айылда гимн жаңырат. Аны айыл жаштарынын бири Руслан Бектурганов ойлоп тапкан. Ал кесиби боюнча авиатехник.

Русландын апасынын айтымында, ал бала кезинен эле өзү кураштырып, бир нерселерди жасаганга шыктуу болгон.

«Ал кооптуу абалдын алдын алуучу аппарат ойлоп таап, Баткен облусуна орнотуп келген. Бул ийгиликтери баламдын айылга жасаган эмгектери», - дейт апасы.

Ойлоп табуучу айыл элин мекенчил болууга үндөө максатында аппаратын мамлекет башчысынын ысымы менен атаган.

Руслан мырза билдиргендей, аппарат эртең менен саат 8:30да өзү иштеп, гимн ырдала баштайт. Ал айылга жаңырган учурда жолдо бараткан тургундар да коштоп ырдашат.







Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×