Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуЛейлек району 13.07.2015 16:22

Айыл турмушу: Лейлектин Айбике айылында 1-топтогу майып Н.Базарбаев бирдик жүктөп, айылдаштарынын телефондорун оңдойт (фото, видео)

Turmush -  Баткен» облусунун Лейлек районундагы Айбике айылынын тургуну Нурбай Базарбаев бирдик салуу менен бирге айылдаштарынын телефондорун оңдоп, тиричилигин өткөрөт.

Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1-топтогу майып болгондуктан мамлекеттен 3000 сом жөлөк пул алат. Бирок бир үй-бүлөнү багуу үчүн бул каражат жетпейт.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Инсан Лейлек» коомдук фонду тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн компьютердик окуу уюштурулган. Анда өткөрүлгөн сынакта Нурбай телефон оңдоочу жабдык утуп алган. Ал учурда үй-бүлөлүү, бир кызы бар. Жубайы менен интернет аркылуу таанышып, турмуш курушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×