Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусу 13.07.2015 15:11

Айыл турмушу:Баткенде Т.Мирсалиев сүрөт тартуу менен бирге үйлөргө дизайн жаратат (фоторепортаж)

Turmush -  Баткен районунун Кыштут айыл аймагындагы Сай айылынын тургуну Токторали Мирсалиев сүрөт тартуу менен бирге үйлөргө дизайн жаратат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ал бала чагынан бери сүрөт тартууну хобби катары көргөн.

Токторали Мирсалиев 1989-жылы Баткен районунун Кыштут айыл аймагына караштуу Сай айылында туулган.

«Мектепте окуп жүргөн кезимде эле ар кандай кооз нерселерди көрүп, суктануу менен карап, ага бир башкача образ жараткым келе берчү. Эгерде бардык инсан табияттын сулуулугуна саресеп салуу менен баа берип караса, кудайдын ар бир жаратканынын кыймылын сезе билет. Ошондуктан мен жаш кезимден колума калем кармап, өзүмө сүрөт тартууну хобби катары көрүп, колумдан келбесе деле сүрөт тартууга аракет кылып көрдүм. Мектепти бүткөнгө чейин бош убактарда мектептеги майрамдарга жана жашоо тууралуу өзгөчө сүрөттөрдү тартып жүрдүм. Мектепти аяктаган соң Ош техникалык университетинин инженер-куруучу факультетинин имааратты долбоорлоо адистигин бүтүрдүм», - дейт ал.

«Окуу учурунда Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Үмүт Тешебаевден жеке сабак алдым. Устазымдан сабак алып жүрүп, 20-22 жашымда живопись тартканды жактырып, живопись тарта баштадым. Арадан жылдар өтүп, өз өнөрүмдү түшүнүп, үйрөнө баштадым», - деп кошумчалады ал.

«Эгерде бир өзгөчө картина тартуу идеясы келсе, эч нерсеге карабастан ошонун үстүндө иштеш керек. Билем, өтө көп эмгекти талап кылат. Бирок ошондо гана мыкты эмгек жаралат. Менин сырым ушунда», - дейт сүрөтчү.

Сүрөтчү белгилегендей, ал кумдан, түстүү смальта ташынан, мрамор ташынан, желим жана башка компоненттерден жаралган сүрөттөрдү өзгөчө деп атайт.

Ош шаарында жашаган кезинде бир нече сүрөт тартуучу жайларда сүрөт тарткан. Кийинчерээк Москва шаарында иштеп, анын мрамор таштардан жасаган сувенирлери орус элинин кызыгуусун жараткан. «Аларга бир нече эмгегимди калтырып келдим. Мен сүрөттөрүмдү сатууга же көргөзмөгө алып чыккан эмесмин. Үйлөргө дизайн табууда өзгөчөлүктөрдү жараттым. Баалуу сүрөт же үйлөрүн өзгөчө дизайнда жасалгалагысы келгендерге ар тараптуу идеяларымды сунуштай алам», - дейт Мирсалиев.

Учурда сүрөтчү жаңыдан үй-бүлө куруп, долбоорчу болуп иштейт. Жумушуна байланыштуу сүрөт тартууга көп убакыт бөлө албагандыктан дизайн жаратуу менен алек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×